Жогорку окуу жайларынын биринин дипломун тапшырууга көмөк көрсөткөнү үчүн мекендешинен 12,5 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып, алып жаткан жеринен чет элдик жаран кармалды.
УКМКнын маалыматына караганда, чет өлкөлүк жаран айрым чет элдиктер (такталууда) менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, материалдык пайда алуу максатында жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын дипломдорун алууда мекендештерине-бүтүрүүчүлөргө жасалма тоскоолдуктарды жараткандыгы аныкталган.
«Учурда кармалган чет элдик жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдарынын алкагында бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

От admin