Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында япониялык «РОТОБО» ассоциациясынын жетекчилиги менен ишкердик жолугушуу өткөрдү.
Россия жана жаңы көз карандысыз мамлекеттер менен соода боюнча Япониянын ассоциациясы (РОТОБО) 1967-жылы негизделген жана КМШ, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен ишкер кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Өнөктөш өлкөлөр болуп Россия, Украина, Беларусь, Молдова, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Азербайжан, Армения, Грузия жана Монголия саналат.
Жогорку даражалуу меймандар менен учурашып жатып, Ассоциациянын президенти Масами Иидзима Кыргызстандын Президенти менен жолугушуу алар үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.
Ал Япония Өкмөтү Борбор Азияга болгон кызыгуусун арттырып жатканын канааттануу менен белгиледи. Бул нерсени жогорку деңгээлдеги «Япония+Борбор Азия» форматынын алкагында 2024-жылы пландалган иш-чаралар тастыктап турат.
Бул контекстте Масами Иидзима ушул жылдын ноябрь айынын аягында 20 адамдан турган эксперттик топ Кыргызстанга жөнөтүлөрүн, алар Япониянын алдыңкы компаниялары менен ири ишканаларынын өкүлдөрү болорун билдирди. Сапардын алкагында бир катар иш-чаралар, анын ичинде Бишкек эркин экономикалык зонасына баруу, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар каралган.
Ал эксперттик топтун сапарын Кыргызстан менен ырааттуу мамилелерди кадам сайын өнүктүрүү, эки өлкөнүн ортосундагы масштабды жана бизнести көтөрүү үчүн эң потенциалдуу чөйрөлөрдү аныктоо мүмкүнчүлүгү катары колдонуу ниети жөнүндө белгилеп өттү. Атап айтканда, япон тарап Кыргызстан менен экономикалык алмашууну өнүктүрүүгө кызыкдар жана туризм, айыл чарба, энергетика, өнөр жай ж. б. сыяктуу багыттар боюнча бизнес-диалогду активдештирүүгө даяр.
Масами Иидзима Президент Садыр Жапаровдун Японияга сапары өз убагында болуп, эки өлкө ортосундагы өз ара байланышты чыңдоого кошумча дем берерин баса белгиледи.
Жолугушуунун катышуучулары менен саламдашып жатып, Мамлекет башчысы бул жолугушуу Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы тыгыз кызматташуунун башталышы болуп каларына ишенимин билдирди.
Садыр Жапаров япон тараптын Кыргызстан сунуштаган инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөр менен таанышууга умтулуусун жана каалоосун канааттануу менен белгиледи. Бүгүнкү жолугушуу Япониянын өнөктөштөрү менен, атап айтканда, Россия менен соода боюнча Япония ассоциациясы (РОТОБО) менен ишкер мамилелерди өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ачат.
Президент Япония, албетте, Кыргызстандын маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгилеп, быйылкы жылы эки тараптуу сооданын өсүү динамикасы оң болгонун канааттануу менен белгиледи. Ошол эле учурда Садыр Жапаров эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү потенциалы толук пайдаланылбай жатканын белгиледи.
Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларынын көңүлүн Кыргызстан чоң жаратылыш байлыктарына, энергетикалык ресурстардын жана пайдалуу кендердин ири запастарына, ошондой эле квалификациялуу жумушчу күчкө ээ экендигине бурду.
Япон өнөктөштөрү менен кызматташуу маселеси боюнча Садыр Жапаров Кыргызстан япон бизнесинин жана алдыңкы корпорацияларынын өлкөдө жашыл экономика, туризм, энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба, жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайы, кызмат көрсөтүү, санариптештирүү, ошондой эле тоо-кен өнөр жайы сыяктуу тармактарда кеңири катышуусун жактай турганын белгиледи.
Мамлекет башчысы кыргыз тарап менен ГЭСтерди куруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, ошондой эле бул багыттар боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жаатында кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө жана болгон потенциалына өзгөчө көңүл бурду.
Андан соң Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев презентация жасап, өлкөнүн инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүктөрү жана преференциялык шарттары тууралуу кеңири маалымат берди.

От admin