“Тазалык” муниципалдык ишканасы ыктыярчыларды чакырат. Бул тууралуу ишкананын директору Рамиз Алиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, шаардын тазалыгына кайдыгер карабаган тургундардын сунушу эске алынып, атайын жаңы программа ачылды — Ыктыярчылык.

Эгерде ыктыярчы болууну кааласаңыз «Тазалык» ишканасынын инстаграмдагы баракчасына аты-жөнүңүздү жана байланыш номериңизди жөнөтүп коюу гана жетиштүү.

«Ар бир район боюнча өзүнчө топторду түзөбүз. Алар «Тазалыктын» техникалык картасына кирбеген жерлерди тазалайт. Биз бардык керектүү болгон шаймандарды, керек болсо кээде сыйлыктарды да бергенге даярбыз», — деди ишкананын башчысы Рамиз Алиев.

От admin