16-ноябрда Сокулук райондук соту Чүйдүн Селекция айылындагы жол тосууга шек саналып кармалган блогер Эртай Искаковдун, Селекция айылынын тургундары Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотовдун ишин карады.

Искаковдун адвокаты Шердор Абдыкапаровдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, сотто айыптоочу тарап Искаковду беш жылга, Балбаев менен Бекболотовду төрт жылга эркинен ажыратууну сурады.

Кийинки отурум 20-ноябрда болот.

Быйыл июлдун башында Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары аптапта суу жоктугуна нааразы болуп, Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан.

Милиция 15-июлда нааразылык акциясына катышкан бир нече кишини суракка чакырган.
Алардын арасынан митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаков, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов камакка алынган. Үчөөнө тең «жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган» деген берене менен иш козголгон. 20-сентябрда алар сот чечими менен үй камагына чыгарылган.

Кармалгандар жана алардын адвокаттары коюлган айыпка макул болгон эмес.

От admin