Кадрларды даярдоодо биз биринчиден кесипкөйлүккө таянабыз. Ар бир милиция кызматкери кесибин сүйгөндө, аны толугу менен өздөштүрө билгенде гана ийгиликтерди багындырат. Ал үчүн ар бир милиция кызматкери жогорку интеллектуалдуу, билимдүү, көрөгөч, акылдуу, ыкчам, жүрөгүндө элге кызмат кыламын деген ишеними бар, таза жана эр жүрөк азаматтардан болушу керек. Биз келечекте мыкты кадрларды даярдоо боюнча ИИМдин Эргеш Алиев атындагы Академиясына жана Республикалык окуу борборуна кесипкөй кызматкерлерди даярдоо боюнча эң жогорку талаптарды коюп, аны иш жүзүнө ашырып келе жатабыз.
Ички иштер органдарынын кызмат орундарына тандоо системасын түзүү үчүн бир катар ченемдик укуктук актылар менен буйруктар бекитилген, ошондой эле кызмат орундарына коюлган квалификациялык талаптар, кадрлар резерви, квалификациялык деңгээлди жогорулатуу курстары да иштеп жатат.
Кызматкердин кесиптик даярдыгынын деңгээли, кесиптик тажрыйбасы, билими, жеке иштиктүү сапаты, жалпы интеллектуалдык көз карашы, демилгелүүлүгү, жоопкерчилиги, лидерлик сапаты, өздүк курам менен иштөө жөндөмдүүлүгү, эмоционалдык туруктуулугу, чечкиндүүлүгү жана милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон жигердүүлүгү, ошондой эле моралдык сапаттар, чынчылдык, калыстык, жооптуулук, жардамга келүүгө даярдыгы жогору экендиги эске алынат. Ошондой эле, ишти пландаштыруу, уюштуруу, тапшыруу, башталган ишти аягына чыгаруу, тапшырылган иш үчүн жеке жоопкерчиликтин жогорку деңгээли сөзсүз эске алынат. Бул ар бир милиция кызматкерине коюлган талап, демек жогоруда мен айткандарды эстерине сактап жана аны биле жүрүү керектигин да белгилеп кетейин.

От admin