К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Коомдук изилдөө борбору тарабынан 2023-жылдын 24-28-октябрь аралыгында «Кыргызстандыктардын ички саясаттын актуалдуу маселелерине жана азыркы эл аралык кырдаалга мамилеси» темасында республикалык социалдык сурамжылоо жүргүзүлгөн.

Жогорку окуу жайдан билдиришкендей, аталган социологиялык сурамжылоонун максаты кыргызстандыктардын актуалдуу маселелер, атап айтканда, өлкө жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү чечкиндүү аракеттери, анын ишмердүүлүгүнө баа берүү, ошондой эле эл аралык кырдаал боюнча коомдук пикирин аныктоо болуп саналат.

Социологиялык сурамжылоо маалыматтарды чогултуунун эки ыкмасын айкалыштыруу жолу менен жүргүзүлдү:

1) туш келди тандап алууну колдонуу менен телефон аркылуу сурамжылоо;

2) стихиялуу тандоону колдонуу менен онлайн сурамжылоо. Жалпысынан республика боюнча 1 518 кыргызстандык сурамжылоого катышкан (7 облусту жана Бишкек шаарын камтыйт).

Социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча кыргызстандыктардын коомдук пикирин чагылдырган төмөнкүдөй жыйынтыктар алынды:

Сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын көпчүлүгү (61%) өлкө жетекчилигинин (өкмөттүн) уюшкан кылмыштуу топторго (УКК) каршы күрөшүү боюнча чечкиндүү аракеттерин «колдошот». Эгерде 17-35 жаштагы курак категориясынын 52%дан ашыгы мамлекеттин уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүн «колдошот» десе, анда бул көрсөткүч жетилген жана андан улуу курак категорияларында бир топ жогору болгон: 36-59 жаш – 67%, 60 жаштан жогоркулар – 75%.

Сурамжылоонун жыйынтыгы президент Садыр Жапаровго болгон ишенимдин жогорку деңгээлин көрсөткөн. Жалпысынан сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын 80%га жакыны мамлекет башчысына ишенет. Көпчүлүк аймактарда президентке ишеним деңгээли жогору бойдон калууда – 83%дан 91%га чейин. Жетилген (36-59 жаш) жана андан улуу курактагы (60 жаш жана андан улуу) респонденттердин президентке ишеним деңгээли 80%дан ашат.

От admin