Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында казиного барган кыргызстандыктарды эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштады. Ал тийиштүү мыйзам долбоору парламентке келип түшөрүн жарыялады.

«Казино, тотализатор жана букмекерлер бир жерде иштегенди сунуштап жатышат. Эгерде анын кеңсесине Кыргызстандын жараны кирип кумар оюнун ойногон болсо, кымбат лицензиясынан ажырайт. Эксперттик чөйрөдө аталган жайга кирген кыргызстандыктарга айып салып тим болбостон, эркинен ажыратуу сунушталууда”, — деди Маматалиев.

Эске салсак, Кыргызстанда эки кумаркана расмий түрдө лицензия алганы маалым.

От admin