Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анын жүрүшүндө депутат Исхак Масалиев Башкы прокуратуранын кызматкерлерине кайрылды.

Масалиев Башкы прокуратурадан тергөө функциясын алып салууну сунуштаган мыйзам чийки экенин жана толук анализ жүргүзүлбөгөнүн айтты.

«Мен тарыхты эстетип коеюн деп жатам. Башкы прокурор бир жолу баатырдык кылган. Судья болуп турганда 2 жигитти актаган. Андан кийин келечеги ачылып, депутат, башкы прокурор болду. Силерге ушундай эрдик жетпей жатат. АКШда тамаша иретинде ушундай катуу сөз айтылган: «Эгерди сизди зордуктап жатышса, сиз каршылык көрсөтө албасаңыз, жөн туруп, ырахат алууга аракеттениңиз». Силерге ошону каалайм. Алыңар жетпесе, чыдагыла эми. Көзөмөлдөө функцияңар калып жатат. Аны унутпагыла», — деди Масалиев.

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда прокуратура жөнүндө конституциялык мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун колдоду.

Эми Башкы прокуратурадан тергөө функциясы алынат. Башкы прокуратуранын тергөө боюнча ыйгарым укуктары УКМК, ИИМ жана Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилет.

От admin