Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров парламенттин депутаттарын сый тамакка чакырды.

Маалым болгондой, бейформал жолугушуу бүгүн саат 19.00дө «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясында болот.

Чиновник парламенттин бир жылдык ишинин жыйынтыкталышына карата эл өкүлдөрүн чакырды.

Эске салсак, бүгүн депутаттардын акыркы пленардык жыйыны бар. 1-июлдан тарта Жогорку Кеңеш каникулга чыгып, 1-сентябрдан тарта ишин улантат.

От admin