Бүгүн, 22-октябрда Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо боюнча «Айкөл-3» атайын операциясы ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчынын жана министрлер кабинетинин тапшырмасын аткаруу максатында Сириядан Кыргызстанга атайын рейс менен Кыргызстандын жарандары — 21 аял жана 62 бала алып келинди.
«Кыргыз тарап бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн көрсөтүлгөн ар тараптуу жардам жана логистикалык колдоо үчүн АКШ өкмөтүнө, ошондой эле БУУнун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине өзгөчө ыраазычылык билдирет», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Белгиленгенлей, бул миссиянын алкагында кыргыз делегациясы ошондой эле Сириянын түндүк-чыгышындагы калктын муктаждыктары үчүн керектүү дары-дармектер менен гуманитардык жардам көрсөттү.

От admin