Израилде Экинчи дүйнөлүк согушта еврей үй-бүлөлөрүн баш калкалаткан кыргыз элине арналган ыраазычылык ташы орнотулгандыгын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиришти.

Анын ачылыш аземине аталган министрликтин жетекчиси Кудайберген Базарбаев катышкан.

«Кыргызстанда эки адамдын ысымы эркиндиктин символу болуп калды. Токтогон Алтыбасарова 16 жашында эвакуацияланган 150 баланы багып алган. Эстер Зингер эвакуациянын бардык кыйынчылыктарын башынан өткөргөн миңдеген баланын символу болуп калды. Тилекке каршы, Эстер көптөгөн башка бөбөктөрдөй эле жолдон чарчап калган. Стретенка деген кыргыз айылында Эстердин ташы орнотулган. Ал ошол жылдары да, бүгүнкү күндө дагы биздин биргеликте экенибизди билдирет», — деген Базарбаев.

От admin