Президент Садыр Жапаров өлкөгө иш сапары менен келген Катар Мамлекетинин Азия жана Африка өлкөлөрүндөгү инвестициялары боюнча жетекчиси, “Ooredoo” компаниялар тобунун директорлор кеңешинин төрагасы шейх Файсал бин Тани Аль Танини кабыл алды.

«Ooredoo Group», адегенде «Qtel Group», эл аралык телекоммуникациялык компания, штаб-квартирасы Катардын Доха шаарында жайгашкан жана мобилдик, зымсыз, зымдуу жана башка кызматтарды көрсөтөт.

Компания 1987-жылы телефон станциясы катары негизделген, кийинчерээк Катардагы эң ири байланыш оператору болуп, жаңы технологияларды, анын ичинде мобилдик, кең тилкелүү, санариптик жана оптикалык була кызматтарын сунуштайт. Бул Катарда коммерциялык 5G кызматтарын ишке киргизген дүйнөдөгү биринчи оператор жана дүйнө жүзү боюнча 156 миллиондон ашык кардарлары бар дүйнөдөгү эң ири мобилдик байланыш компаниялардын бири.

Делегация менен учурашып жатып, мамлекет башчысы Катар Мамлекетинин Эмири шейх Тамим ибн Хамад Аль Танинин Кыргызстанга болгон ийгиликтүү сапарын эске салды.

Ал белгилегендей, эксперттик топтун Кыргызстанга сапары Катар Эмиринин сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларга ылайык өтүп жатат.

Садыр Жапаров ушул сапардын натыйжасында эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык тыгыз кызматташтыктын башталышы түптөлөт деген үмүтүн билдирип, Катарлык инвесторлорду Кыргызстанга алып келүүдө Файсал бин Тани Аль Танинин чоң ролун айтып өттү.

Мамлекет башчысы эки өлкө ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экенин, ошондой эле зарыл болгон бардык инвестициялык долбоорлорду жана презентацияларды тааныштырууга даярдыгын белгиледи. Мындан башка акыркы жылдары жагымдуу инвестициялык климатты камсыз кылуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.

Өлкөнүн инвестициялык дараметин айтып жатып, президент Садыр Жапаров Кыргызстандын негизги тармактарынын бири гидроэнергетика тармагында чоң потенциал бар экенин белгилей кетти.

Өз кезегинде Катар Мамлекетинин Азия жана Африка өлкөлөрүндөгү инвестициялары боюнча башкы директору, “Ooredoo” команиялар тобунун директорлор кеңешинин төрагасы шейх Файсал бин Тани Аль Тани Президент Садыр Жапаровго алардын делегациясын жылуу кабыл алгандыгы жана Кыргызстандын конкреттүү тармактарда эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү үчүн потенциалын изилдөөгө мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эки лидердин ортосундагы макулдашууларга жана Катар Эмиринин тапшырмасына ылайык, Кыргызстанга энергетика, айыл чарба, инфраструктураны өнүктүрүү жана башка тармактардагы ири компаниялардын өкүлдөрү келгенин белгиледи.

Анын айтымында, делегация өлкөнүн инвестициялык климатын жана анын экономикасынын ар кайсы тармактарына инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даяр.

Мындан тышкары, шейх Файсал бин Тани Аль Тани Катардын ири туристтик компаниялары бул тармакта өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Ал Катардын Эмири шейх Тамим ибн Хамад Аль Тани эки лидердин ортосунда мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүнө байланыштуу маселени жеке көзөмөлдө кармап турат, деп ишендирди.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана потенциалдуу инвестициялык долбоорлорду изилдөөгө даярдыгын билдиришти.

От admin