356634861 1020718019339628 4772814350694675739 n
13 / 100

Нарын шаарында өткөн “Кыргыз шырдагы XIII” эл аралык фестивалына коюлган шырдакты Казакстандан келген коноктор 400миң сомго сатып алышкан. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эл аралык фестивалга 1 миңден ашуун адам катышкан, алардын ичинде 170и чет элдик туристтер. Андан тышкары, Япония, Өзбекстан, Казакстандын элчилери, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да келишкен.

Нарын районунун чебер уздарынын колунан жаралган кооз шырдакты Казакстандан келген коноктор 400 миң сомго сатып алды. Мындан сырткары, көптөгөн шырдактар, кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө коюлган буюмдар сатылып, кардарларын тапты.

image 30
image 31
image 32

Loading

От admin