Кыргызстанга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн башчылары келүүдө.

Өлкө лидерлери КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйынына катышат.

Жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Эскерте кетсек, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапары менен күн мурун, 12-октябрда келген.

Ошондой эле Азербайжан президенти Ильхам Алиев жана Беларусь президенти Александр Лукашенко дагы Кыргызстанга 12-октябрда келген.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев и Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга бүгүн, 13-октябрда келди.

Учурда өлкө башчылары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына келүүдө, жакында тосуп алуу аземи башталат.

Белгилей кетсек, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян президент Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда бир катар жагдайлардан улам КМШнын Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катыша албай турганын билдирген.

От admin