Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Кант шаарындагы Россиянын кошмо аскердик авиациялык базасынын өздүк курамын авиабазанын 20 жылдыгы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы чогулгандарды кыргыз-россиялык мамилелердеги орчундуу окуялардан болуп саналган Кант шаарындагы Авиация базасынын ачылышынын 20 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара менен куттуктады.

Президент 2003-жылы Борбор Азия чөлкөмүнүн коопсуздугун чыңдоо максатында эки өлкө россиялык авиациялык базаны Кант шаарындагы аскердик аэродромго жайгаштыруу чечимин кабыл алганын, кийинчерээк ал Борбор Азия аймагындагы жамааттык коопсуздуктун Ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөрүнүн курамына киргенин эске салды. Ал Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жамааттык күчтөрүнүн дараметин кыйла жогорулатууга өбөлгө болуп, учурдагы коркунучтарга жооп бере турган ырааттуу жамааттык коопсуздук системасын түзүү боюнча мындан аркы иштерди уюштурууга мүмкүндүк берди.

Садыр Жапаров авиабазанын ачылышы өз убагында жасалган зарыл чара болгонун баса белгиледи.

Президент Борбор Азиянын аймагына жамааттык коопсуздукту ыкчам жайылтуу боюнча жамааттык күчтөрдүн курамдык бөлүгү катары Россиянын авиабазасы маселелерди ийгиликтүү чечип, региондогу террористтик жана экстремисттик коркунучтарды токтотуучу фактор экенин белгиледи.

Садыр Жапаров жалпысынан авиабазанын ачылышы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде мыкты ченемдик-укуктук базаны калыптандырууга жана аскердик өз ара аракеттенүүнүн туруктуу механизмдерин түзүүгө негиз болгондугун айтты. Учурда Россиянын кошмо аскердик базасы, анын ичинде авиация бөлүгү үзгүлтүксүз иштеп жатат. 20 жылдын ичинде инфратүзүмдү өнүктүрүү, күжүрмөн курамды өркүндөтүү жана анын өздүк курамына социалдык-турмуштук шарттарды түзүү боюнча бир топ биргелешкен олуттуу иштер аткарылды.

Авиабазанын ачылышынын 20 жылдыгы менен өздүк курамды куттуктап жатып, Президент Садыр Жапаров Кант шаарындагы россиялык авиабаза Борбор Азия чөлкөмүндө коопсуздук менен туруктуулукту камсыз кылуунун ишенимдүү кепили экенин баса белгиледи.

От admin