Кыргыз бийлиги ишке ашырып жаткан өлкөнү газдаштыруу программасына россиялык «Газпром» компаниясы да олуттуу жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүщүндө билдирди.

Анын айтымында, россиялык концерн буга чейин Кыргызстандын газ менен камсыз кылуу системасына 18 млрд рубль инвестиция салып, натыйжада газ менен камсыздоо деңгээли 30 пайызга чейин өскөн.

«Биз билебиз жана президент (Кыргызстандын) дагы бул процесстин бардык катышуучуларынын алдына ушундай милдетти коюп жатат: Кыргызстандын өкмөтү бул көрсөткүчтү 60 пайызга жеткирүүнү күтүүдө жана, албетте, биз буга ар тараптан жардам беребиз», — деп белгиледи Путин.

От admin