Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Instagram баракчасынан Камчы Көлбаев ага унаа белек кылган деген билдирүүсүн өчүрдү. Кримавторитет ага алты жыл мурун унаа белек кылган. Андан соң спортчу социалдык тармактарга билдирүү жарыялап, анда Көлбаевге белек үчүн ыраазычылык билдирген.

Бул билдирүү эми спортчунун баракчасынан өчүрүлгөн.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Бишкекте атайын операция учурунда криминалдык төбөл Камчы Көлбаев өлтүрүлгөн. УКМК Көлбаев күч түзүмдөрүнө куралдуу каршылык көрсөтүп, алар өлтүрүү үчүн ок чыгарууга аргасыз болгонун билдирген.

Кийин УКМК Көлбаевдин байлыгын көрсөткөн.

От admin