УКМК видео таратып, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин байлыгын көрсөттү.

«Кылмыштуу топтун башчысы, анын жакындарынын жана жан-жөкөрлөрүнүн мыйзамсыз мүлктөрүнө 850дөн ашык кыймылсыз мүлктөр, атап айтканда, кымбат өзгөчөлөнгөн үйлөр (особняк), коттедждер, элиталык клуб үйлөрү, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык кымбат баалуу люкс үлгүсүндөгү унаалар, анын ичинде брондолгондор, зер буюмдар жана башка мүлктөр бар. УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү мамлекеттик кирешеге айлантуу иши башталды. Курулуп жаткан эки гана имаратта Камчы Асанбек 700дөн ашык батирге ээ болгон, алар мамлекетке өткөрүлөт. Камчы Асанбектин мыйзамсыз жол менен алынган бардык мүлкүнүн алдын ала жалпы баасы 1 миллиард долларын түзөт, алар камакка алынды», — дешти УКМКдан.

От admin