РФ лидери бул иш-чара эки өлкөнүн өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө багытталганын белгилеген.

РФ президенти Владимир Путин Жалал-Абаддагы Россия-кыргыз аймак аралык конференциясына онлайн катышып, видеокайрылуу жасады.

РФ лидери бул иш-чара эки өлкөнүн өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө багытталганын белгилеп, аймактар аралык кызматташуу Россиянын аймактарынын басымдуу бөлүгүн жана Кыргызстандын бардык жети облусун камтый турганын айткан.

«2022-жылдын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу товар айлантуу 37 пайызга көбөйүп, 3,4 миллиард долларга жеткен. Ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,4 пайызга көбөйгөн. Аймак аралык кызматташууга, Россия менен Кыргызстандын бизнесинин ортосунда түз байланыш түзүүгө биздин чакан жана орто ишканаларды колдоо боюнча федералдык корпорациябыз чоң салым кошууда. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду да жакшы иштеп жатат. Бул фонд Кыргызстанда кен казуу, фабрика өндүрүшүн түзүү, энергетика, транспорт, логистика сыяктуу тармактарда жалпы баасы 520 миллион долларлык биргелешкен үч долбоорду каржылады», — деген Путин.

От admin