Маданият министри Алтынбек Максутов “Күн кармаган бала” спектакли боюнча билдирүү таратты.

Анын айтымында, 24-29-сентябрь күндөрү эл аралык “ART ORDO” театр фестивалы өткөн. Ага жалпы 17 спектакль катышып, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалуу драма театры Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин калемине таандык чыгарманы жаш режиссер Уланмырза Карыпбаевдин режиссерлугу менен сахнага алып чыгышкан.

«Спектакль эл аралык калыстар тобунун сынынан өтүп, жогорку баа берилип, баш байгени багындырды. Ал гана эмес, көрүүчүлөр бир дем менен көрүп, болуп көрбөгөндөй триумф жаратып, азыркы коомчулукта орун алган чоң жараны жарып жиберди. Соцтармактарда чыгарманы окубай, аталган спектаклди көрбөй туруп, 2 сааттан ашуун убакытка созулган спектаклдин 8 секунд гана жерин кесип алып, аны коомчулукка жарыялап талкуулап жаткан жарандар, жаш режиссердун аталган чыгарманын маани-мазмунун чындык менен ачып бериши, эненин балага болгон мээрими жана бүгүнкү коомчулукта болуп жаткан терс көрүнүштөрдү айдан ачык көрсөтүп бергени жакпай калгандыр?!» — дейт министр.

Министр ошондой эле аталган спекталкди көрүүнү сунуштады. Анын айтымында, балким көргөндөн кийин пикир өзгөрөт.

Кечээ, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев спекталь учурунда жылаңач болуп турган эпизод тууралуу сөз сүйлөдү. «Коомчулукта жаман көрүнүш болду. Театрларыбызда жылаңач көрсөтүүлөр пайда болду. Каякка бара жатабыз? Мааниси жок көрүнүштү көрсөтүүдө. Бул уят да. Ушул боюнча Маданият министрлигинен жооп күтөт элем. Чара көрүлүшү керек. 80 пайыздан ашуун элибиз мусулман. Өтө ыплас иш болду», — деген ал.

“Күн кармаган бала” спектаклиндеги энеси өзү жууна албаган оорулуу баланы багып алган жуунтуп жаткан эпизод коомчулукта талкуу жаратып, ар түрдүү пикирлерге жем таштаган.

От admin