Буга чейин ырчы Нурайым Акылбекова концертинде мурда чогуу ырдап жүргөн казак ырчысы Биржан Байболду концертинен чыгарып жаткандыгы тууралуу видео тараган.

Аталган видеону тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары кызуу талкуулашууда.

Бул боюнча Sokol.media сайты филармониянын жетекчилигине барып окуянын чоо-жайын сурап көрдүк.

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын концерттик бөлүмүнүн башчысы Божко Виктор төмөндөгүчө жооп берди:

» Бул окуяда филармония өз ишин аткарды. Билет сатып алган жаранды өз ордуна отургузду. Бизде көрүүчүлөр үчүн эч кандай устав каралган эмес. Залды арендага алган адам өзү билет. Бирок адамкерчилик жактан алып караганда ал билет сатып алган адамды залдан чыгарганга укугу жок эле»,-деп жооп берди.

От admin