Испанияда шиштакачан эркек 100 метрди 12,82 секунд ичинде чуркап, Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 34 жаштагы Кристиан Роберто Лопес Родригес бийиктиги жети сантиметр болгон шиштаканы тандап алган. Испаниялык катышуучу бул ийгилиги менен 2019-жылы ушул эле аралыкты 14, 02 секундда чуркап, рекорд жараткан германиялык Андре Ортольфты артта калтырды.

Кристиан Роберто Лопес Родригес — Гиннесстин рекорддор китебине 57 жолу түрдүү рекорддор менен киргендиги менен таанымал. Ал буга чейин 100 метрлик аралыкты эң кыска убакытта көзү байлануу жана кап ичинде чуркап, рекорд жараткан.

От admin