«Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы берген маалыматына караганда 2020-жылдан 2022-жылга чейин түрмөдө жаза өтөп жаткан 178 адам расмий түрдө никеге турган.

Тагыраагы 2020-жылы 67, 2021-жылы 49, 2022-жылы 62 киши үйлөнгөн.

Аталган кызмат билдиргендей, үйлөнүү аземи түрмөдөгү жолугуу бөлмөсүндө чакан дасторкон үстүндө өтүп, аларга 3 суткага чейин чогуу болууга уруксат берилет.

Мындай көрүнүштөрдүн жакшы жактары көп болгонун кошумчалашты.

«Мисалы, бир нече жыл өткөндөн кийин жазасын өтөп бүткөн адамды жубайы түрмөнүн алдында гүл кармап, эки тараптан келген туугандардын коштоосунда тосуп алат», — дейт ЖАМК.

От admin