Бишкектин борборунда эркек киши өзүнүн жол тандабасында кызды зордуктоого аракет кылган видео социалдык тармактарга тарады.

Окуя 15-июнга караган түнү Токтогул-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда токтоп турган жол тандабас унаанын арткы орундугунда отурган кыз менен жигит жаңжалдашкан. Алардын жаңжалын өтүп бара жаткан адамдар дагы көрүп, бирок өтүп кетишкен.

Бир нече убакыттан кийин кыз унаадан кулап түшөт, анын артынан шымынын куру чечилген эркек киши дагы жерге түшүп, кызды тургузууга аракет кылган.

Өз кезегинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы 15-июнь күнү Э.А. аттуу жаран аны зордуктоо аракети болгонун айтып милицияга арыз жазганын билдирди.

Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

От admin