«Вагнер» аскердик менчик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин сөөгү 29-августта Санкт-Петербургдун Порохов көрүстөнүн коюлду.

Бул тууралуу ишкердин маалымат кызматы билдирди. Кабарга караганда, маркум менен коштошуу жабык өттү.

Көрүстөндүн администрациясы MSK1 Телеграм-каналына билдиришкендей, ишкерди Москва убактысы менен саат 16да жерге беришти.

«РИА Новости» агенттигинин булактары коштошууну жабык өткөрүүнү Пригожиндин туугандары каалаганын айтышты. Зыйнатка маркумдун үй-бүлөсүнөн тышкары жакын достору гана катышты.

«Вагнердин» негиздөөчүсү жана дагы 9 киши отурган учак 23-августта Тверь облусунда кулап түшкөн.

От admin