Кыргызстанга «Барселона» клубунун жылдыздары келишти. Алар менен президент Садыр Жапаров жолукту.

Белгилүү болгондой, эртең, 30-августта Бишкектеги стадиондо “Барселона” клубунун легендалары менен Борбор Азиянын футбол ардагерлеринин беттеши өтөт.

Ошондой эле алардын келиши менен өлкөгө белгилүү блогерлер келишти. Алардын сап башында Инстаграмда 26 миллиондон ашуун катталуучусу бар Гусейн Гасанов турат. Ал кечээ өлкөгө келип, Бишкектен Ысык-Көлгө барган видео менен бөлүштү.

Казакстандан дагы бир нече блоргерлер келди. Алардын бири Инстаграмда 7,5 миллион катталуучусу бар Ерболат Жанабылов. Ал өзүнүн видеосунда Кыргызстанга биринчи жолу келгенин жазды.

Келгендердин арасында 646 миңден ашык катталуучусу бар Артур Аскар уулу да бар.

От admin