Кыргызстандын каратэ шотокан боюнча курама командасынын мүчөлөрү Дьёр шаарында (Венгрия) өткөн 14-Дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен бешөө алтын, үчөө күмүш жана бешөө коло медаль.

Алтын медалдын ээлери:

1. Максат Батырбеков (16-17 жаш, кумитэ);
2. Максат Батырбеков , (15-17 жаш командалык беттеш);
3. Адилхан Монолдоров (15-17 жаш командалык беттеш);
4. Эльмырза Байышов (15-17 жаш командалык беттеш);
5. Самуил Койчубеков (15-17 жаш командалык беттеш);

Күмүш медалдын ээлери:

1. Азалия Бейшеналиева (12-13 жаш ката);
2. Эльмырза Байышов (14-15 жаш ката);
3. Эльмырза Байышов (14-15 жаш кумитэ);

Коло медалдын ээлери:

1. Имран Абдугуламов (12 жаш, кумитэ);
2. Айдар Жолчиев (12-13 жаш кумитэ);
3. Фарух Акбаралиев (18-19 жаш кумитэ);
4. Абдибек Апсатаров (20-39 жаш -65 чейинки салмактан, кумитэ);
5. Самарбек Долотбаев (20-39 жаш -85 кг салмакта, кумитэ).

Белгилей кетсек, курама команда машыктыруучулар Ан Иннокентий, Бекмурза Эргешов жана Мирлан Утуровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Мелдеш 25-27-август күндөрү өтүп, ага 50 мамлекеттен 1000 ден ашык спортчу катышкан.

От admin