2023-жылдын 21- августунда «Ош» эл аралык аэропортунда Жиддадан учуп келген биринчи учакты салтанаттуу түрдө суу аркасы менен тосуп алышты. Биринчи каттам менен Оштон 157 жүргүнчү учуп кетти. Маалыматты аталган мекеменин Басма сөз кызматы билдирди.
«Сауд Арабиянын «Flynas» авиакомпаниясы Жидда-Ош-Жидда багыты боюнча жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү Airbus A-321 NEO учагы менен үзгүлтүксүз каттамдарды аткармакчы»,-деп айтылат маалыматта.

От admin