Кыргыз милициясы бүгүнкү күндө, замандын талаптарына жараша коомчулуктун тынч жашоосун камсыздап, ички иштер органдарынын күжүрмөн ишмердүүлүгүн эл аралык деңгээлге чыгаруу үчүн күнү-түнү талыкпаган аракеттерди жүргүзүп жатабыз.
Натыйжада, масштабдуу жана системалуу өзгөрүүлөр ишке кирип, алдын алуу функциясын чыңдап, жарандарды сервистик тейлөө процедурасын калыптандырууга үлгүрдүк.
Республикадагы баардык бөлүмдөргө заманбап шарттарды түзүүнүн үстүндө аракеттерди көрүп жатабыз. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү, элге жат көрүнгөн окуяларды алдын алуу, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо жана башка ушул сыяктуу коомубуздун жай турмушуна терс кесепетин тийгизген жагдайларга бөгөт коюп, калк менен жолугушууларды туруктуу бир тартипке салдык.
Талыкпаган аракеттердин жыйынтыгында, элдин милицияга болгон ишеними бир кыйла жогорулады. Былтыр элдин ишеними жыйырма беш бүтүн ондон тогуз балл болсо, быйыл жыйырма тогуз бүтүн, ондон эки баллды түзүп, жалпы ишеним — үч бүтүн, ондон үч баллга жогорулады. Бирок, бул көрсөткүч менен гана чектелип калбастан, алдыга койгон максаттарды ишке ашырууну, элге талыкпаган кызмат көрсөтүүнү уланта беребиз.
Милицияга болгон ишеним отчётто эмес, элдин жүрөгүндө болушу керек. Коомчулуктун жогорку колдоосуна ээ болуу үчүн, ар бириңиздер жарандардын тынчтыгын сактап, сапаттуу иш-чараларды күчөтүңүздөр.
Элдин милицияга болгон ишеними боюнча аймактардан Баткен облусунда бир кыйла өсүп, өткөн жылга караганда 9 баллга жогорулады (былтыр 42,1 болсо, быйыл 48,6га жогорулаган).Таасирдүү жолугушуулар, ар тараптуу түшүндүрүү жана жеринде жардам көрсөтүү иштери жакшы нукка салынгандыктан, Баткен элинин милицияга болгон ишеними жогору болду.
Калган областтар ушундай даражага жетишүүгө керек экендигин белгилеймин. Анткени коомдук тартипти өзгөчө жоопкерчилик менен камсыз кылуу, мыйзамдардын аткарылышын так сактоо – баарыңыздардын негизги милдетиңиздер болуп саналаарын жакшы билесиздер. Мунун баары сиздерден ынтызарлыкты, кайраттуулукту жана көптөгөн эмгекти талап кылбай койбойт.
Коом арасында орун алган көрүнүштөр менен алпурушуп, күнүмдүк иштер менен гана алектенбестен, коопсуз мамлекетти куруу — биз үчүн стратегиялык милдет экендигин эсиңиздерден чыгарбаңыздар.
Өлкөбүздүн ички тартибин мындан да жакшыртуу үчүн, коом менен милициянын ортосундагы реалдуу мамилени кеңейтип, элди тейлөөнү калыптандыруу натыйжалуулугун чыңдайлы. Өлкөбүздүн эң жогорку баалуулугу – биздин Эгемендүүлүгүбүз жана тынчтыкта өмүр сүрүп жаткан элибиз экендигин жакшылап түшүнүп алыңыздар.
“Бүгүнкү күндө коомчулук биздин ар бир жасаган жакшы иштерибизге жана кемчиликтерибизге өз баасын берүүдө. Себеби, элдин баары ачык пикирин айта ала турган жакшы шарттар түзүлгөн. Кандай гана сын-пикирлер же сунуштар айтылбасын, алардын баарын туура кабыл алып, ишмердиктеги кемчиликтерди жоюп, каталарды жаап-жашырбастан аларды болтурбоонун аракетин көрүүгө баарыбыз милдеттүүбүз” — деп баса белгиледи Улан Ниязбеков.
Андыктан, өз ичибиздин тазаланып, милициянын намысын тебелеген кызматкерлер катарыбызды болбошу керек деген принципте, бул багыттагы иштерди дагы улантабыз. Дагы бир жолу кайталайм — Ички иштер министрлиги эле эмес, ар бир жетекчи бул багытта жумуштарды алып барууга милдеттүү.
Элибизге натыйжалуу кызмат көрсөтүп, өздүк курам арасында чынчылдыктын жана ар-намыстын нукура эрежесин чыңдоо, кызматкерлердин кесипкөйлүгүн, адамдык сапаттарын бекемдөө азыркы мезгилдин негизги талабы экендигин билдирем.
Тилекке каршы, ички иштер органдарында адилетсиздик жана кайдыгерлик коштолгон мыйзам бузуулар дагы деле орун алууда. Ушундай жагымсыз көрүнүштөр милициянын жалпы ишмердигине терс кесепетин тийгизип келет.Жарандардын коопсуздугу үчүн жасап жаткан баардык иштерибиз ачык болуп, кызматкерлер коомго жакын болушу керек.
Бюрократизм, бой көтөрүү, текеберленүү, өзүм билемдик деген жаман нерселерди адатка айлантпастан, өздүк курамды калыстык менен ак эмгеке тарбиялаңыздар.Ар бир жарандын кайрылуусун кылдаттык менен карап, мыйзам чегинде туура чечимдерди кабыл алууну баарыңыздардан талап кылам.
Аймактардагы стабилдүүлүк жана бейпилдик үчүн, ошол жердеги ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары жооптуу болгондуктан, иш алып баруунун эффективдүүлүгүн карап, элдин коопсуздугун мындан да жакшыртууга сунуштарды бериңиздер.Ички иштер органдарында кызмат өтөө, өзгөчө артыкчылык жана ар-намыс гана эмес, эл алдындагы эбегейсиз жоопкерчилик экенин милиция формасын кийген ар бир кызматкер жандүйнөсү менен туюнуп, көкүрөгүнө бекем сакташы керек. Ал үчүн, кадрдык потенциалды үзгүлтүксүз жогорулатып, кесипкөйлүктү жана моралдык духту чыңдоону камсыз кылуу боюнча иш алып барыңыздар.
Милициянын образы – патриоттуулукту, ачык-айкындуулукту, жарандарга дайыма жардамга келүүгө даярдыгын чагылдырып турушу — баарыбыз үчүн маанилүү.
Жүктөлгөн милдеттерди бийик коюу — кызматкерлердин ой-пикирин, жүрүм-турумун түп-тамырынан бери өзгөртөт. Бул маанилүү милдеттерди эске алып, кызматкерлердин таалим-тарбиясын бекемдеп, бийик сапаттарга жетүү боюнча алгылыктуу иштерди уюштуруңуздар.
Милициянын ар-намысына доо кетирген бул көрүнүштү жоюу боюнча баарыңыздар чынчылдыктын системасын түзүүгө ак дилден иш жүргүзүп, мыйзамсыз көрүнүштөрдү жеринде аныктап, ошол замат жоюу чараларын күчөтүңүздөр. Эл үчүн, мекен үчүн ак ниет кызмат кылбаган кызматкерлерден тазаланып, ички иштер органдарынын кадырын түшүрүүгө жол берген фактыларга каршы туруу иштерин улантып, ак-караны иргеп, калыстыктын жолунан чыкпаңыздар.
«Кол жеткистей көрүнгөн бийиктикке умтулбай, ырааты менен иш алып барып, алдыга коюлган максатка жетүү — милициянын ак тилеги экендигин белгилеймин», — деди Улан Ниязбеков онлайн чогулушту жыйынтыктап жатып.

От admin