Стамбул шаарында 2024-жылкы Дүйнөлүк Конгресстин алкагында транспортту туруктуу өнүктүрүү үчүн стратегиялык пландоо боюнча министрлердин жыйыны өттү.
Жыйында ЕЭК министри Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу башталганын белгиледи. Бул маанилүү инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу менен алектене турган жана ишти координациялоо үчүн биргелешкен компания түзүлгөнүн билдирди.
“Бул темир жол Кытайды Кыргызстан жана Өзбекстан, андан ары Түркия жана Европа менен байланыштырган эки багытта жүк ташуунун альтернативдүү жолу болуп калат. Долбоор Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоо, алардын экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана жаңы соода мүмкүнчүлүктөрүн түзүү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Долбоор бул каттамдагы бардык өлкөлөр үчүн олуттуу мультипликациялык эффект жаратып, өнөктөштүктү бекемдеп, соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет” – деп ЕЭК министри маалымат берди.
Андан сырткары жолдун курулушу Кытайдан Европага жана Жакынкы Чыгышка Казакстан аркылуу жүк ташуу маршрутун 900 чакырымга кыскартып, жеткирүү 7-8 күндү үнөмдөйт. Ал эми Россия аркылуу өткөн каттамга салыштырмалуу каттам болжол менен 3000 км кыскарат. Бул долбоорго катышкан өлкөлөрдүн дүйнөлүк рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун маанилүү фактору болоорун баса белгиледи.
Арзыбек Кожошев аталган долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу таасирин тийгизип, анын дүйнөлүк транспорт системасына интеграцияланышына көмөктөшөөрүн айтып, Түркия менен салттуу жылуу жана боордоштук мамилелерин сактаган өлкөнүн эл аралык соода агымындагы стратегиялык мааниси жогорулап, Евразиянын транспорттук алкагынын маанилүү бөлүгү болуп калаарын кошумчалады.
2024-жылкы Дүйнөлүк Конгресстин алкагында транспортту туруктуу өнүктүрүү үчүн стратегиялык пландоо боюнча министрлердин жыйыны Түркия Республикасынын Транспорт жана инфраструктура министрлигинин колдоосу астында Эл аралык жол федерациясы (IRF) тарабынан уюштурулган.