▪️Талапкерлердин арасында кызыл тилин жанган, убаданы укмуштай берген, акчасы менен арбай тургандар, бирок аймактын, шаардын жүгүн тартууга акылы, билими, тажрыйбасы жетпегендер жок эмес. Ушундай депутаттарды шайлап алып, анан беш жыл бою өкүнүп калбагыла
▪️Мектеп, бала бакча, жолдорду жана башка бардык социалдык объектилерди мамлекет куруп берет. Эч бир талапкер же депутат өз чөнтөгүнөн жасай албайт
▪️Эл үчүн, өлкө үчүн күйө турган, чындап иштей турган, калың элдин элегинен өткөн эр-азаматтарды тандаңыздар. Айрыкча, жүрөгүндө Мекенимди өнүктүрөм деген жалыны бар, алысты көрө билген тажрыйбалуу жаштарды колдоңуздар!
▪️Беш жылда бир жолу шайлоого келип болгону жарым сааттык убактыңыздарды коротот экенсиздер. Ошол убактыңыздарды аябаңыздар. Анткени 5 жыл бою өзүңөрдүн, аймактардын, шаарлардын тагдыры дал ушул депутаттар аркылуу чечилет.
Шайлоого карата үгүт кампаниясы эртең башталат, ал эми шайлоо 17-ноябрда өтөт.