WhatsApp Image 2024 10 04 at 10.05.33
12 / 100

УКМК улуттук коопсуздук кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө өзгөчө ири көлөмдөгү макротомия өсүмдүгүнүн тамырын мыйзамсыз чогултуу жана сатуу менен алектенген чет өлкөлүк жарандардын жана башка адамдардын контрабандалык иштерин аныктап, бөгөт койду. Тактап айтканда, сатуу аракетинде УКМК тарабынан 1326,3 килограммга жакын өсүмдүк сырьесу – жалпы баасы 3 миллион сомго жакын макротомия алынган.
Учурда УКМК тарабынан аталган кылмыш ишинин башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам издөө-иликтөө иш-чаралары улантылууда.
Маалымат үчүн: Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сактоо жана көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 270 токтому менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга, тагыраагы: макротомия, арнебия, ясенец, аконит жана афлатун пиязын жапайы дарылык, техникалык, тамак-аш өсүмдүк чийки затын сатып алуу жана чогултуу үчүн үч жылдык мөөнөткө убактылуу тыюу (мораторий) киргизилген.

Loading

От admin