f37913af bab8 4108 b444
8 / 100

Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары КР Жоруктар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда жактырды. Демилгечи — Министрлер Кабинети.

Алгач бул мыйзам долбоору тууралуу Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов маалымат берди.

Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдеттери – кызматкердин жана кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын алдындагы иш берүүчүнүн жоопкерчилигин камсыздандыруу боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликти киргизүү максатында камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү жаатындагы камсыздандыруу ишинин ченемдерин өркүндөтүү болуп саналат.

Талкууда депутат Дастанбек Жумабеков «Кызматкердин (кызмат адамынын) эмгегин аткаруу учурунда анын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтиргендиги үчүн иш берүүчүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы же аткарбаганы үчүн жоопкерчиликти киргизүү тууралуу сурады.

Ал эми депутатка экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов жооп берип, мыйзам долбоору менен жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүчтүн (3 миң сом), юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүчтүн (13 миң сом) өлчөмүндө айып салуу боюнча кошумча киргизүү сунушталганын белгиледи.

Тагыраагы, кооптуу өндүрүш объектилерин иштеткен уюм өз кызматкерлерин камсыздандырбаса, 13 миң сомго чейин айып салуу сунушталган.

Бирок, депутат Дастанбек Жумабеков айып салууга толуктоолорду киргизүүдөн мурда Эмгек кодексине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл эле деген пикирин айтты.

Тактап айтканда, эл өкүлү мамлекеттик органдар айып пул жазып, бирок камсыздандыруу процедурасын караштырбай жатканын сынга алды. 

Loading

От admin