8 / 100

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда расмий сапар менен Италия жана Ыйык Тактыга (Ватикан) жөнөп кетти.

Расмий сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр күтүлүүдө, алардын жүрүшүндө кыргыз-италиялык өз ара мамилелердин бүтүндөй комплекси жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
-президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев;
— башкы прокурор Максат Асаналиев;
— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
— юстиция министри Аяз Баетов;
— президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;
-президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
— Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.

Loading

От admin