WhatsApp Image 2024 09 26 at 16.51.09
12 / 100

26-сентябрда түрк блогерлеринин ири делегациясы Балыкчы – Токмок багыты боюнча поезд менен Кыргызстандын кооз жерлерин кыдырып, кызыктуу саякатка чыгышты. Коноктор ВИП жана ВИП-купе вагондорунда жайгашып, Боом капчыгайынын керемет көрүнүштөрүнө суктанып, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы тарабынан сунушталган ыңгайлуулук жана тейлөөнү көрө алышты.
Саякат учурунда ишкананын кызматкерлери блогерлерге Кыргызстандын темир жол инфраструктурасынын өнүгүүсү тууралуу маалымат беришти. Саякаттын жүрүшүндө катышуучулар тейлөөнүн сапатын гана баалап тим болбостон, өлкөнүн жаратылышынын кооздугун да көрө алышты.
Түрк блогерлери бул саякаттан алган таасирлери менен көп миллиондук аудиториясы менен бөлүшө баштады, бул болсо чет өлкөлүк саякатчылардын Кыргызстандагы уникалдуу пейзаждарга жана анын меймандостугуна болгон кызыгуусун арттырууга жардам берет.
Бул иш-чара биздин өлкөгө жаңы туристтерди тартууга түрткү берет.  

Loading

От admin