NazarNews 905e7a6686ff16872acc55dfa9f34484
12 / 100

Буга чейин соцтармакка камактагы Аспековдун каты жарыяланган. Анда ал 2020-жылы шайлоо маалында Райым Матраимовдон 3 млн доллар алып, Садыр Жапаровго алып барып бергенин жазып, ошол факт боюнча иш козгоону талап кылган.

Ташиев бул кат боюнча 7-каналга маек берген. УКМК төрагасынын айткандары:

▪️

Ал өзү кандай кылмыш иши менен камакта жатканын билесиңерби? Так ошол Райым сыяктуу ири бизнесмендерден “Садыр Жапаровго алып барып берем» деп алдамчылык кылып, бүт акчаны өзү алып жүргөн. Ошол үчүн түрмөдө жатат.

▪️

Бир эле мисал келтирейин. «Кыргыз темир жолунун» мурдагы башчысы Дашковдон “Садыр Жапаровго шайлоого жардам беришибиз керек” деп 250 миң доллар алып кеткен. Бирок аны бир тыйынына чейин өзү алган. Ушунун баары билинип калгандан кийин камалып олтурат. Сүрөт, видеодалил бар. Азыркыга чейин кайтарып бере элек. Көгөрүп түрмөдө жатат. 250 миң долларды кайтарып берсин, анан түрмөдөн чыгышы мүмкүн. Мындан башка дагы толтура бизнесмендерден акча чогулткан

▪️

Ушундай каралоолор чыкканда эл логика дегенди иштетиш керек. Матраимов миллиондогон долларларды эч ким жок калгансып Мелис аркылуу берет беле? Бергиси келсе Садыр Жапаровдун өзүнө же бир туугандары аркылуу берет эле да. Эгер Райымдын Мелиске 3 млн доллар бергени чын болсо, анда аны да өзүнө катып алган деп билсек болот. Бирок бул маселе боюнча Райымдан сураганда “Мелисти тааныбайм, берген эмесмин, калп айтып жатат” деген. Биз мындай суу кечпеген каралоолорго көңүл бурбайбыз

Loading

От admin