8 / 100

Бүгүн, 25-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастанбек Жумабеков Айыл чарба министрлиги сырттан алган насыялар үчүн бардык жоопкерчиликти түшүнүп, эффективдүү иштеши керектигин айтты. Эл өкүлүнүн айтымында, Айыл чарба министрлиги долбоорлор боюнча иштерди начар көзөмөлдөп, алардын кечеңдешине алып келүүдө.

Андыктан Дастанбек Жумабеков келечекте долбоор ага салынган каражатты актап, бул бардык кыргызстандыктардын карызына айланып калбашы үчүн насыялык каражаттарга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды.

«Туура жана эффективдүү убагында иш жүргөн болсо, алынган насыя дагы өзүн актайт. Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү күндө насыя алып алышып, көзөмөл болбогондугунун кесепетинен жыйынтыгында алган кредит жалпы кыргыз элинин мойнуна илинип калып жатат. Андыктан министрликке насыялык каражаттарга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырам»,-деди ал.

Ошого эле улай депутат Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы көптөгөн айылдар таза сууга муктаж экенин айтып, тиешелүү мамлекеттик органдарга  көйгөйдү эртерээк чечип беришин суранды.

«Ч. Айтматов районунун борбору болгон Кызыл-Адыр айыл өкмөтүндө, Бакай-Ата районунун борборунда жана
Манас районунун борборунда бүгүнкү күндө калктуу конуш чоңойду. Бирок, ушундай экономикалык чоң көрсөткүч болгон райондордун борборлору таза суу жана канализация менен эч кандай камсыз болгон эмес. Бул жерде элге шарт түзүлбөй жатат.
Биз аймакка барган сайын карапайым эл «Жок дегенде таза суу менен камсыз кылып бериңиздер»,- деп бизге кайрылат.
Биз сиздерге айтабыз, силерден болсо маселе каралып жатат деген жакшы кабар келет, бирок иш алдыга жылбай жатат»,-деди депутат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйында «2024-жылдын 15-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Айылдарды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорун» экинчи кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Loading

От admin