13 / 100

MEGA мамлекеттик уюлдук оператору тышкы каналдардагы авариядан улам интернет кызматтарын көрсөтүүдө убактылуу кыйынчылыктар болгонун тастыктады.

«Бирок, үн байланышы калыбына келтирилди, көйгөйлөр Казакстанда тышкы провайдер тарапта болгон«, -дешкен алар.

Ал эми Казакстандын Orda.kz. басылмасы “Казакстандык провайдердин негизги каналдарындагы авария Кыргызстанда массалык түрдө интернетти үзгүлтүккө учуратты”,-деп жазган.

Басылманын маалыматына караганда, көйгөйлөр зымдуу жана мобилдик интернетте катталган. “Өчүрүүлөр Бишкектин бир бөлүгүнө жана бир катар конуштарга таасирин тийгизди. Кыргызстандык байланыш операторлорунун айтымында, мүчүлүштүктүн себеби кабелдин үзүлүшүнө байланыштуу негизги каналдагы олуттуу авария болгон”,-дешкен алар.

Аталган редакция Казакстандын Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылган.

«25-сентябрда Казакстандын TOO TNS-Plus операторунун түйүндөрүндө негизги Казакстан-Кыргызстан каттамы үзгүлтүккө учурады. Андан ары ошол эле оператордун түйүндөрүндө Казакстан-Кыргызстан резервдик каттамы үзгүлтүккө учураган. Азыр эки каттам тең (негизги жана резервдик) калыбына келтирилди», — деп билдиришкен министрликтен.

Эске салсак, кечээ 25-сентябрда Кыргызстанда интернет үзгүлтүккө учурап, коомчулукта нааразычылык жараткан.

Loading

От admin