529033df 9ab2 4eb6 94e0
8 / 100

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, иш сапары менен Казакстан Республикасына “Борбор Азия-Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн жөнөп кетти.

Расмий делегациянын курамындагылар:

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев;
- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев;
- Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия Федеративдүү Республикасынын (ГФР) ишкерлери менен жолугушуусуна катышат, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу жана ГФРдин Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Loading

От admin