IMG 3397
12 / 100

Кыргызстан, Россия, Казакстан жана АКШнын көчмөндөр
оюндарындагы спортчулары «Bigser» брендинин формасын кийишти.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда Астанада башталды.
Жеңиш үчүн 89 өлкөдөн келген 2,5 миңден ашуун спортчу күрөшүүдө.
«2014-жылы Кыргызстанда өткөн биринчи Көчмөндөр оюндарынан
бери «Bigser» компаниясы катышуучуларга салттуу түрдө кийим тигип
келет. Бул жолу бизге көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитети
кайрылды. Алар биздин ассортиментти, мүмкүнчүлүктөрдү жана

колдонуп жаткан технологияларды изилдеп чыгышты. Натыйжада биз
алар койгон тапшырманы ийгиликтүү аткара алдык.
Мындай деңгээлдеги мелдештер үчүн спорттук форма даярдоо чоң
жоопкерчиликти талап кылат. Ар бир команда үчүн форма уникалдуу
болушу керек жана аны даярдоодо улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу
маанилүү. Кийим, бут кийим, аксессуарлар – баары бири-бири менен
шайкеш болуп, улуттук колоритти чагылдырышы зарыл.

Эгерде бардык көчмөндөр оюндарын алып карасак, биз буга чейин 16
өлкөнүн командаларына спорттук форма бердик. Этномаданий
федерациялар менен иштешип, көчмөндөр маданиятын сактоого жана
жайылтууга, элдер ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө салым
кошуп жатканыбызга дайыма кубанычтабыз», – деп белгиледи
«Bigserдин» жетекчиси Сергей Быковский.

Loading

От admin