13 / 100

Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Кыргызстан футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулар менен жолугуп, алдыдагы беттешке ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, жолугушуу эртең, 10-сентябрда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинин астында өттү.

«Акыркы Иран менен өткөн беттеш биздин өлкөнүн курамасы Азиянын эң мыкты командалары менен тең тайлаш ойной ала тургандыгын далилдеди. Келе жаткан оюндарда, өзгөчө 10-сентябрда Өзбекстанга каршы боло турган беттешти биз жана кураманын күйөрмандары чоң үмүт менен күтүп турат!» — деп белгиледи өз сөзүндө КФБ жетекчиси.

Эске салсак, беттештер 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында өтүүдө. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Кыргызстандын курама командасы Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.

Loading

От admin