456193090 8017922174942620 4455528449008488088 n
9 / 100

Кеминде мамлекетке кайтарылган жерде ипотекалык негизде бериле турган үйлөр салынат

456193090 8017922174942620 4455528449008488088 n

Чүй облусунун Кемин районунда убагында менчикке мыйзамсыз чыгарылып, жакында мамлекетке кайтарылган 353,3 га жер тилкесинде Мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык негизде жарандарга берүү максатында турак үйлөрдү курат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Турак үйлөр 9 кабаттан болот. Бул жер Кемин шаары деп аталат. Болжол менен 100 миңден ашык үй-бүлөөгө батирлер берилет.

Мамлекетке кайтарылган бул жер тилкеси Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлөт.

Тийиштүү чечимди Мамлекет башчысы Садыр Жапаров кабыл алды.

Компания курулуш иштерине 2025-жылдын март-апрелинде киришет. Турак-жайлар жарандарга 20-25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.

Эске салсак, буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусунун Кемин районунда жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен 353,3 га жер мамлекеттин балансына кайтарылганын билдирген.

Loading

От admin