2778601.5466da25207b564b24c54d50beb46791
8 / 100

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Казакстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын достугунун жана жакын коңшулаштыгынын көп кылымдык салттарына арналган “Достук кечеси” гала-концертине катышты.

Иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Азербайжандын мамлекет башчылары катышты.

Гала-концерттин алдында өлкө лидерлери көркөм сүрөт көргөзмөсүн көрүп чыгышты.

Маданият жана искусство ишмерлери чогулгандарга аймактын элдеринин жалпылыгын жана маданий жакындыгын ырастаган мазмундуу жана кызыктуу программа тартуулашты.

Фольклордук-этнографиялык ансамблдер жана эстрада артисттери ардактуу конокторго улуттук ырларды жана элдик бийлерди аткаруу менен өз таланттарын көрсөтүштү.

Кыргызстандан барган чыгармачыл делегациянын курамында республиканын эмгек сиңирген артисттери: ырчы Элнура Муктарбек, комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу, ошондой эле Н.Тугелов атындагы Кыргыз мамлекеттик «Ак-Марал» бий ансамбли барган.

Loading

От admin