maxresdefault 1
8 / 100

Президент Садыр Жапаров Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Астана шаарына Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Астана шаарына келди.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Расмий делегациянын курамындагылар:

  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев;
  • билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева;
  • жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиев;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
  • транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев;
  • энергетика министри Таалайбек Ибраев;
  • юстиция министри Аяз Баетов;
  • Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев;
  • Президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев;
  • экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директору Урмат Такиров.

Loading

От admin