1 4 1
13 / 100

Кечээ, 14-июль күнү Ош шаарын кесип өткөн Ак-Буура дарыясындагы суунун
көлөмү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кескин көтөрүлүп, суу боюнда
жайгашкан эс алуучу жайларды, үйлөрдү жана Ош шаарынын борбордук базарын
суу каптап кеткен.

Андан сырткары, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында, Мады
айылдык аймагында дагы катуу жаандан улам сел жүрүп, анын кесепетинен
үйлөрдү,  короо-сарайларды жана жер төлөлөрдү,  эс алуучу жайларды суу
каптап кеткен.
Ош облустук жана шаардык милициянын,   Ички аскерлердин  7703 аскер
бөлүгүнүн өздүк курамы селдин кесепетинен жараксыз болгон эс алуучу
жайларды, үйлөрдү жана Ош шаарынын борбордук базарын, короо-сарайларды
жана жер төлөлөрдү  тазалоо иштерине тартылды.

Ошондой эле, жабыркагандардын коопсуздугун камсыздашып,  жарандарды
коопсуз жерлерге көчүрүү иштерине  катышты.
Учурда башка мамлекеттик органдар менен биргеликте тазалоо, куткаруу
иштери жүрүүдө. Милиция  кызматкерлери  жана Ички аскерлердин 7703 аскер
бөлүгүнүн өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

1 6
1 1
1 5

Loading

От admin