8 / 100

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда, иш сапары менен Азербайжанга жөнөп кетти.

Мамлекет башчысы бул сапардын алкагында 6-июлда боло турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы “Транспорт, байланыш жана климаттык ишмердүүлүк аркылуу туруктуу келечекти калыптандырууну камсыз кылуу” болуп саналат.

Делегациянын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов;
— транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев.

Loading

От admin