2024 04 23 09 38 45 952391
8 / 100

 Президент Садыр Жапаров 5-6-июлда Азербайжанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат. Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы «Транспорт, байланыш жана климаттык иш-чаралар аркылуу туруктуу келечекти түзүүнү камсыз кылуу» болуп саналат.

Тараптар жаратылыш коркунучтарынан келип чыккан табигый кырсыктарга, климаттын өзгөрүшүнө жамааттык жооп кайтаруу чараларын жана ТМУга мүчө өлкөлөрдүн транспорттук өз ара байланышын бекемдөөнү талкуулашат.

Саммиттин ишине Уюмдун катышуучу-мамлекеттеринин – Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын мамлекет башчылары, Түркия Республикасынын жана Венгриянын өкмөт башчылары катышат” — деп Муратбек Азымбакиев билдирди.

Loading

От admin