WhatsApp Image 2024 07 05 at 11.07.51
12 / 100

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору тарабынан 100 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылуу фактысын аныктады.
УКМК билдиргендей, аталган академиянын ректору А.С.С. көрсөтүлгөн сумманы Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 97-үй дареги боюнча Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын имаратында жайгашкан мамлекеттик мүлктү (помещения) ижарага алуу укугун (келишимди) узартуу үчүн талап кылган.
2024-жылдын 4-июлунда козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору А.С.С. 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын бир бөлүгүн алуу учурунда кармалды. Ошондой эле акча каражаттарын которууда ортомчу болгон академиянын окутуучулары М.Ч.А жана Б.К.Т. да кармалып, алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Loading

От admin