WhatsApp Image 2024 07 04 at 11.52.57
8 / 100

2024-жылдын 3-июлунда болжол менен  саат 15:00 чамасында ыкчам маалыматтардын негизинде түндүк-чыгыш бажысынын Талас бажылык башкаруу борборунун кызматкерлери, ЖКККБнын кызматкерлери менен биргеликте мурда бажы эрежелерин бузуу менен ташылып келинген унаанын айдоочусунун башкаруусундагы  08KG516AQD мамлекеттик номурлуу  “Lexus RX400h” үлгүсүндөгү унаа каражатын аныкташкан.

ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүү учурунда транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүк башка транспорт каражатына катталгандыгы белгилүү болгон.

Мындан тышкары, кузовдун идентификациялык номерлерин (VIN) текшерүүдө бул унаага берилген документ бажы кызматы тарабынан жол-жоболоштурулган эмес жана мыйзамга  карама-каршы келген фактылар аныкталган.

Азыркы учурда бул унаа тийиштүү чара көрүү үчүн айып короо жайына токтотулду.

Буга чейин ЖКККББгы Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте чет өлкөлүк номурлуу унааларды текшерээрин эскерткен.

Loading

От admin