WhatsApp Image 2024 07 03 at 11.39.26 2
10 / 100

Бүгүн, 2024-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарындагы «Smart Hotel» мейманканасынын жыйындар залында жарандардын диний радикалдашуусун, экстремисттик жана террористтик уюмдарга азгырылуусун алдын алууда, алардын диний маалымдуулугун жогорулатууда мамлекеттик органдардын маанилүүлүгү боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн борбордук аппаратынын кызматкерлери, акимдердин орун басарлары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча аймактык ведомстволор аралык комиссиянын курамына кирген жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Бул иш-чара ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан демилгеленип, Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен өттү.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Самат Осмонов экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү боюнча ИИМ тарабынан аткарылган иштер, Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик-террористтик уюмдардын коомго тийгизген таасири, экстремизмге байланыштуу учурдагы кырдаал жана коркунучтар, Чүй облусу боюнча экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жаатында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу баяндама жасады.

Андан сырткары тренерлер акыркы учурларда дүйнө жүзүндө болуп жаткан террористтик актыларды мисал катары келтиришип, экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча аймактык ведомстволор аралык комиссиянын аткарган иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте экстремисттик ишке каршы аракеттенүү багытындагы милдеттери, экстремизмге каршы аракеттенүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу, Чүй облусундагы укук коргоо органдарын бул багытта аткарган иштери жана мамлекеттик программалардын аткарылышы боюнча маалыматтары угулду.

Катышуучулар экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү үчүн мыйзамдардагы кылмыш жоопкерчилиги, анын кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштери жергиликтүү тургундар арасында жүрүп жатканын айтышып, милиция кызматкерлери менен тыгыз байланышта экендерин билдиришти.

Аягында экстремисттик ишке каршы аракеттенүүдө Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын аткарган иштерине токтолушуп, жаралган көйгөйлөр боюнча айрым маселелер талкууланды.

Коомчулукта кызуу талкуу жараткан бул көйгөйлөр тууралуу катышуучулар тарабынан дагы суроолор узатылып, тиешелүү жооптор берилди.
Белгилей кетсек, бул иш-чара “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын айрым талаптарын жана 2023-2027-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында өттү.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Loading

От admin